• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте былтыр көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга дээрлик 11 млн сом айып салынган

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/ 2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 1765 протокол түзүлүп, 10 млн 995 миң 500 сомго айып салынган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, протоколдор төмөнкү мыйзам бузуулар үчүн түзүлгөн:

- Белгисиз жерлерге таштанды чыгаруу үчүн жалпы суммасы 4 млн 132 миң сомго 656 протокол;

- Көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн жалпы суммасы 126 миң 500 сомго 315 протокол;

- Көчөттөрдү зыянга учураткандыгы жана өз алдынча топурак казгандыгы үчүн жалпы суммасы 990 миң 500 сомго 117 протокол.

Бишкек мэриясы бардык катталган фактылар боюнча КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий