• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта дүкөндө өспүрүм кызды бычак менен коркуткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Сокулук районунда дүкөндө өспүрүм кызды бычак менен коркутту делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январда Сокулук райондук милициясына арыз менен Студенческое айылынын 57 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган.

“Саат 19:20лар чамасында ошол эле айылдагы дүкөнгө ак түстөгү медициналык беткап менен колкап кийген белгисиз адам кирип келип, 17 жаштагы М.Т. аттуу кызды бычак менен коркута баштаган. Ошол маалда дүкөнгө кардар кирип калганда шектүү кассадагы акчаны алып, арткы эшик аркылуу качып кеткен”, - деп айтылат жарандын кайрылуусунда.

Шектүү кассадан 30 миң сом алганы аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (“Каракчылык”) көрсөтүлгөн курам менен иш козголгон. Шектүү катары 27 жаштагы Б.Ю. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий