• 88.68
  • 95
  • 0.95

Документтерди жасалмалоо менен “этникалык кыргыз” катары КР жарандыгын алган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Документтерди жасалмалоо менен “Этникалык кыргыз” катары Кыргызстандын жарандыгын алган шектүү кармалды. Бул утуралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кытай Эл Республикасынын жараны документтерди жасалмалоо менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы боюнча ыкчам маалымат алган.

Андан сырткары, ыкчам маалымат боюнча жогорудагы жаран Кытайда издөөгө алынганы маалым болгон. Жаран 1967-жылы туулган Я.Чж. Кытай Эл Республикасынынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Алтай округунун укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы үчүн издөөгө алынган.

Бул фактыны текшерүү учурунда жаран 1967-жылы туулган Я.Чж. Кыргызстандын аймагында жүргөн кезинде документтерди жасалмалоо жолу менен өткөн жылы “Этникалык кыргыз” катары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Бул жаран Кытайда берилген өздүгүн тактоочу документиндеги улуту жазылган графага атайылап жалган маалыматты киргизген. Мындан соң, жарандыкты алгандан кийин Я.Чж. өзү жөнүндө толук маалыматты өзгөрткөн. Шектүүнүн мурдагы аты-жөнү М. Чж. болгон.

2023-жылдын 11-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү ("Документтерди жасалмалоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери шектүү Я.Чж. “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан Кыргызстандын аймагынан кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармашкан.

Кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди аныктоо, табуу жана алуу максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунда-кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Шектүүгө тиешелүү ар кандай документтер табылып алынган.

Ошол эле күнү жаран Я.Чж. соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда аны КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий