• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөгө аткезчилик жолу менен алынып келген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 1 648 220 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий