• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте Интерпол тарабынан изделип жаткан Израилдин жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бишкекте Интерпол тарабынан изделип жаткан Израилдин жараны кармалды деп билдирди КР ИИМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 17-февралда КР ИИМдеги Интерполдун бюросунун улуттук борборунун кызматкерлеринин комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токтогул-К.Акиев көчөсүнүн кесилишинен Интерпол тарабынан изделип жаткан 1957-жылкы Э.Д. аттуу Израилдин жараны аныкталып, кармалды.

Ал ошондой эле, Казакстандын ККсынын 190-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (алдамчылык) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Казакстандагы Интерполдун бюросунун улуттук борбору тарабынан да изделип жаткан Казакстандын тургуну да болуп эсептелет.

Бишкектин Свердлов соту аны 1-СИЗОго 2 айга камоого санкция берди жана андан ары ал Казакстанга экстрадицияланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий