• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, шектүү - Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы М.Т. аттуу тургуну кечээ, 25-август күнү болжол менен саат 23:30да кармалган. Милиция кызматкерлерине шектүү үйүнө келди деген маалымат түшүп, алар шектүүнүн үйүнө барышкан. Алар шектүүнүн үйүнө барган учурда ал үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылган. Ал милиция кызматкерлеринин талаптарына бай ишбей, каршылык көрсөткөн. Натыйжада бир милиция кызматкери жаракат алган. Ал окуя боюнча КР Жазык кодексинин 355-беренсинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Буга чейин кылмышка шектүүгө карата КР Жазык Кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу. Териштирүү учурунда белгилүү болгондой кылмышка шектүү изин жашыруу максатында 21-август күнү Бишкек шаарына чыгып кетип, 25-август күнү Кара-Суу шаарына кайтып келген. Азыркы учурда шектүү М.Т. КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Кылмышка шектүү мурда 3 ирет 165, 164-беренелери (164-берене боюнча эки жолу) боюнча 2011, 2013 жана 2015-жылдары соттолгондугу белгилүү болду. Териштирүү иштери Кара-Суу райондук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүү сүйлөй албагандыктан дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылып, котормочу катары тергөөгө көмөктөшөт", - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий