• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Кыргызстандын ЕАЭБдеги интеграциясы

Аналитика 0

Бул жылы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин 4 жылдыгы болууда. Биримдикке мүчө болгондон тарта өлкөбүз ЕАЭБдин бирдиктүү системасына толук кандуу түрдө интеграция болуп, эмгек мигранттары үчүн жеңилдиктерди, экономикалык пайда таба алды.

2018-2019-жылдары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштеген жарандарды пенсия менен камсыз кылуу тууралуу келишим боюнча иштер аяктап, ага 2019-жылы кол коюу пландалууда.

Техникалык тескөө тармагында сынак лабораторияларын модернизациялоо жүргүзүлүүдө.

Талас, Каракол, Баткен жана Балыкчы шаарларынын 4 лабораториясында курулуш иштери соңуна чыгып, алар колдонууга берилген. Ошондой эле 12 аймактык ветеринардык лабораториянын он биринде толук түрдө оңдоо иштери аткарылып, алар да пайдаланууга берилген.

Ош шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория ачылган.

Мүйүздүү бодо малды идентификациялоо аяктап, алар мал-жандыкты кароо жана идентификациялоо тутумуна киргизилген – 1 млн 798,1 миң баш.

80 кыргыз ишканасы, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында жүрүүчү көзөмөлдөнгөн товарларды чыгарган, кайра иштеткен жана (же) сактаган КРнын Ишкана же тараптардын бирдиктүү реестрине киргизилген.

2018-жылдын жыйынтыгы менен мигранттардын акча которуулары 2,7 млрд долларды түзүп, ал эми 2019-жылдын жарым жылында бул көрсөткүч 1,1 млрд доллардан көп болгон.

Иран менен эркин соода аймагын түзүү боюнча утурумдук макулдашууга кол коюлган.

Сербия, Сингапур, Египет, Индия, Иран, Корея, Израиль өңдүү мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Вьетнам менен соода жаңыдан башталып, соода кыйла өскөн (2019-жылдын январь-июнь айында Вьетнам менен соода жүгүртүү 4 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 157%га арткан (Вьетнам менен эркин соода аймагы боюнча макулдашуунун алкагында).

ЕАЭБдин мунай жана мунайзаттарынын жалпы рыногун түзүү программасы жана ал рынокторду түзүү боюнча иш планы бекитилген.

ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногун түзүү тууралуу эл аралык келишимге кол коюлду. Ал – ЕАЭБ алкагында энергетика тармагында түзүлө турган үч документтин биринчиси. Электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү керектөөчүлөр үчүн электр энергия үчүн ачык-айкын бааны коюуга жол ачып, биримдиктеги өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт.

ЕАЭБдин кызматтардын бирдиктүү рыногу 52 тармакка чейин көбөйүп, 2019-жылы алар 62ге жетет.

ЕЭАБдин бажы аймагына киргизилген товарларды көзөмөлгө алуу механизмдери тууралуу макулдашууга кол коюлган. Ал, товарлардын ЕАЭБдин бажы аймагында жүрүүсүндө бажы жана салык төлөмдөрүнөн качуусуна бөгөт коет.

"Кабар"

Пикир

Оставить комментарий