• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда парламенттик шайлоону өткөрүүгө дээрлик 25 миллион доллар бөлүнөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Өзбекстанда быйыл 22-декабрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 230 миллиард 549 миллион сум (25 миллион доллар) бөлүнөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, каражат төмөнкү максаттарга бөлүнөт:

- Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасын шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 96 миллиард 807 миллион сум (10,2 миллион доллар);

- Каракалпакстан республикасынын Жогорку кеңешин, облустук, райондук жана шаардык кеңештерин шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 45 миллиард 330 миллион сум (4,8 миллион доллар);

- шайлоого катыша турган саясий партиялардын жалпы партиялык иш-чараларын өткөрүүгө жана партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин шайлоо кампаниясына 46 миллиард 674 миллион сум (4,9 миллион доллар);

- БШКга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алууга 41 миллиард 737 миллион сум (4,3 миллион доллар).

Пикир

Оставить комментарий