• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда авиакаттамдарды токтотуу мөөнөтү 30-июнга чейин узартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Өзбекстан коронавирус пандемиясына байланыштуу башка өлкөлөр менен авиакаттамдарды токтотуу мөөнөтүн 30-июнга чейин узартты. Чечим Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Uzbekistan Airways улуттук авиакомпаниясы жарандар 30-июндан кийин билет ала баштаса боло турганын кабарлады.

Өзбекстанда 30-марттан 20-апрелге чейин жүргүнчү ташыган бардык учактардын иши толугу менен токтотулган. Кийин карантин 10-майга чейин узартылган.

Чет өлкөдөгү өзбекстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулган.

Өлкөдө жүк ташуучу авиакаттамдар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий