• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда металлургиялык компания экологияга келтирген зыян үчүн 3,5 млн доллар төлөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Казакстанда облустук сот айлана-чөйрөгө зыян келтиргени үчүн «АрселорМиттал Темиртау» (АМТ) компаниясына 1 миллиард 354 миллион 769 миң тенге (3, 57 миллион доллардан ашык) айыппул салды.

Башында бийлик компаниядан мындан дагы 40 миллион теңгеге (105 миң доллар) көбүрөөк сумманы талап кылган.

Караганды облусунун Экология департаменти пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, жаратылышка доо кетирген учурларды аныктаган. Маалыматтарга караганда, атмосферага нормадан тышкары өлчөмдө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып турган.

АМТ компаниясы арызда көрсөтүлгөн суммага макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылган.

Күн мурун Караганды облусунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы зыяндын суммасын төмөндөткөн.

Ал ортодо Энергетика министрлиги, облустук акимчилик жана компаниянын болот департаменти айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Жергиликтүү бийлик автоматташтырылган байкоонун жыйынтыктары боюнча коомчулукка маалымат берүүнү убада кылды. Бирок эко-активисттер атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын онлайн-режимде көрүп турууну талап кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий