• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын 27 лицейинде майыптарга билим берүү үчүн шарттар түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын 27 профессионалдык лицейлеринде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 9 кесип боюнча билим берүү үчүн шарттар түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга инклюзивдик билим берүү максатында өлкө боюнча 27 лицей түзүлгөн. Бул билим берүү мекемелеринде санитардык кызматтар, ашкана, жатакана, устаканалар бар.

Ошондой эле майып адамдар үчүн 9 билим берүү программалары иштелип чыккан: 1. 2-разряддагы “Электросварщик” жана ошондой эле сантехникалык иштерди аткара алат, Унааларды жууп, аларга май куйуучу адис; 2. Чач тарач; 3. 2-3 разряддагы “Штукатур-маляр”; 4. 2-3 разряддагы “Тигүүчү”; 5. Экинчи разряддагы ашпозчу; 6. 2 разряддагы “Жашылчажемиштерди өстүрүүчү адис”; 2-разряддагы “Тигүүчү”; 8. 2-разряддагы “ашпозчу”; 9. “Улуттук жасалгаларды жасоочу адис”.

Пикир

Оставить комментарий