• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик салык кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизет

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз” (ЭТТК) маалыматтык системасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушуга байланыштуу МСК бардык каалоочу ишкер субъекттерди системаны тестирлөөгө активдүү катышууга чакырат.

"Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продукттарынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоо жол-жобосун оптималдаштыруу максатында киргизилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматтык система Салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат, ал товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аны реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берет.

Электрондук документ жүгүртүүнүн кагаз жүгүртүүдөн шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдыгы болуп саналат, ал ишкердик субъекттерине ЭТТКны (анын ичинде оңдоп-түзөтүлгөн) контрагенттер менен бир нече мүнөттүн ичинде алмашууга мүмкүндүк берет, ал эми мурда документтердин (кагаз) түп нускасын башка аймакта жайгашкан контрагентке жөнөтүү бир канча күндүк жана ал тургай жумалык убакытты алып келген.

Иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына кирет.

ЭТТКны толугу менен тариздөө жана окутуу cabinet.salyk.kg шилтемеси боюнча жеткиликтүү.

МСКдан билдиргендей, бардык толук маалыматты 0(312) 61-46-15 номери боюнча (товарларга байкоо жүргүзүүнү контролдоо бөлүмү) алууга болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий