• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагында сынактар өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Бишкекте “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагында балдар жана жаштар арасында көптөгөн сынактар, иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 28-мартта 14:00дө “Бишкек Парк” соода борборунда балдардын каржылык жармаңкеси башталат.

Бул иш-чарада балдар өздөрүн кичинекей ишкерлер катары көрсөтүшөт.

Ошондой эле, КР УБ, Өнүктүрүү саясаты институтунун өкүлдөрү жана башка кызматкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Балдар үчүн шоу-программа даярдалган.

Ишемби, 1-апрелде, саат 9:00дө Кыргыз-Россия Славян университетинде 12-16 жаштагы балдарды каржы дүйнөсү менен тааныштырган интерактивдик оюн өтөт.

Мындан тышкары, жумалыктын башталышына чейин жарыяланган сүрөт, фотография сынактарынын жыйынтыгы 31-мартта 10:00дө К.Баялинов атындагы Республикалык китепканада чыгарылат.

Жеңүүчүлөр 5 миң сомго чейинки депозиттерге жана башка баалуу белектерге ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий