• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда

Коом 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматы 30-декабрдан тарта Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгаштырылган бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатканын эскертти.

«КР УКМКнын чек ара кызматы коңшу республикадагы жана чек ара тилкесиндеги кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Кырдаал курчуган учурда Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул тапта Казакстандын айрым облустарында газдын баасынын кескин кымбаттоосуна байланыштуу элдик толкундоолор күчөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий