• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын элчиси Нур-Султан шаарындагы мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы Шанхай базарында иштеген мекендештер менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мекендештер менен болгон жолугушууда элчи Дюшекеев Казакстанда иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, Кыргызстандан текстиль продукциясын эспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү маселесин талкуулады.

Ошондой эле Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандарынын достугун жана биримдигин чыӊдоого багытталган маданий жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү максатында мекендештердин достук тобун түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соӊунда элчи мекендештердин суроолоруна жооп берип, элчилик тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын айрым аспектилери тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий