• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ташкенттеги Эл аралык Борбор Азия институтунда болду

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 29-апрелде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Ташкент шаарындагы Эл аралык Борбордук Азия институтунда болуп, окуу жайдын жетекчиси Анвар Насиров менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда А.Насиров Эл аралык институттун иш багыттарына жана 2021-2022-жылдары өткөрүлгөн иш-чараларга кыскача токтолуп, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанга баруу пландары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, элчи М.Жаманбаев Эл аралык институттун аймактагы учурдагы саясий жана социалдык-экономикалык процесстерди изилдөө, келечектүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана өз ара пайдалуу аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жемиштүү ишмердүүлүгүн белгиледи.

Ушуга байланыштуу элчи М.Жаманбаев бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрдөгү учурдагы тышкы саясаттын, ички саясий жана социалдык-экономикалык процесстердин негизги тенденцияларын изилдөө өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Кыргызстан тарыхый байланыштарга жана маданияттардын жакындыгына негизделген аймактык мамилелерди өнүктүрүүнү жактай тургандыгы, жакынкы коңшу мамлекеттер менен бардык тармактарда кызматташууну мындан ары да бекемдөө өлкөбүздүн тышкы саясатынын приоритети экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле элчи М.Жаманбаев Кыргызстандын эксперттери жана өнөктөштөрү менен тыгыз байланыш түзүү үчүн Анвар Насировдун сапарын уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун соңунда элчи Жаманбаев Эл аралык институттун ишмердүүлүгү менен таанышып, анын музейин жана китепканасын көрдү.

Пикир

Оставить комментарий