Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кечээ, 10-февралда ФИФАнын жаңыланган рейтинги чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы 210 команданын ичинен 96-орунду сактап калды.
Крестининдин командасынын карамагында 1 миң 228 упай бар.
Белгилей кетсек, FIFA рейтингине ылайык, 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо туруна чүчүкулак тартууда командалар топторго бөлүнөт.
Чүчүкулак тартуу аземи 24-февралда өтөт.
Пикир
Оставить комментарий