• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир сапка жогору көтөрүлүп, 96-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

21-сентябрда ФИФА дүйнөдөгү футбол боюнча улуттук курама командалардын тизмесин жаңылады.

Кыргызстандын улуттук курама командасы 208 команданын ичинен 96-орунга жайгашты. Буга чейин “Ак шумкарлар” 95-орунда келе жаткан.

Ал эми тизменин башында Аргентина, Франция жана Бразилия курамалары жайгашты.

Азия Футбол Конфедерациясы (АФК) зонасында болсо "Ак шумкарлар" 16-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий