• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Өзбекстандагы Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешине катышат

Спорт 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда боло турган Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтөт. Мелдешке Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышат.

Мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

25-мартта Кыргызстандын курама командасы жарым финалда Өзбекстан менен беттешет. Финалдык беттештер 29-мартка белгиленген.

Навруз кубогу 2022 жүгүртмөсү:

Жарым финалдык беттештер (25-март):

16:00 - Уганда — Тажикстан;

20:00 - Өзбекстан — Кыргызстан.

29-март:

16:00 - Үчүнчү орун үчүн беттеш;

20:00 – Финал.

Пикир

Оставить комментарий