• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы Өзбекстанда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн 25-31-январь күндөрү Ташкент шаарында өтүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ирандын улуттук курама камандалары катышат. CAFA Women’s Futsal Championship бир айлампадан туруп, жалпысынан ар бир курама үчтөн оюн өткөрөт.

Оюндардын жыйынтыгында эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталат.

Эске салсак, 2022-жылы өткөн мелдеште Кыргызстандын командасы коло байгеге ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий