• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу узартылды

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ошондой эле ведомстводон агенттикке билдиришкендей, окуучулар мектепке 16-январдан тарта бара баштайт. Мындай чечим 9-январда министрлер кабинетинде өткөн жыйында кабыл алынды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталып, 10-январга чейин созулмак.

Пикир

Оставить комментарий