• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

17-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 2…7, Таласта 3…8, Ысык-Көл облусунда күндүз 1...6, Нарында 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 6…11 градуске жетет.

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын табы күндүз 4…6 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий