• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын калкы 6,7 млн адамды түздү, анын 1,1 млн Бишкекте жашайт

Коом 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-январына катара республиканын туруктуу жашоочуларынын саны 6,7 млн адамды түздү, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстан” кыскача статистикалык маалымдамасында.

Журналдын маалыматы боюнча, республика боюнча орточо эсеп менен 1 чарчы метрге 34 киши туура келет.

Борбор калаа – Бишкек шаарында калктын саны 2022-жылдын башына карата 1,1 млнду түздү.

Чоң шаарларда: Ош (333,6 миң адам), Жалал-Абад (125,5 миң), Каракол (85,6 миң), Токмок (71,6 миң), Өзгөн (64,0 сиң адам).

Аянты боюнча эң чоң облус Нарын облусу, аянты 45,2 миң чарчы км түзөт. Эң жыш жайгашкан облустар Ош жана Чүй - 1 чарчы кмге 49 адам туура келет.

Азыркы учурда республиканын административдик-аймактык түзүлүш системасына 7 облус жана республикалык маанидеги 2 шаар, 40 административдик район, 32 шаар, 9 шаар тибиндеги айыл, 452 айылдык аймак кирет.

Пикир

Оставить комментарий