• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын мектептеринде 900 мугалим жетишпейт

Билим 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева Бишкекте өткөн брифингде үстүбүздөгү жылы педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги 3 эсеге азайгандыгын, бирок ошондой болсо дагы 900дөн ашуун адис жетишпей жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдарда 2,5 – 2 миң 900дөй мугалим жетишсиз болгон.Үстүбүздөгү жылы айлык маянанын жогорулагына байланыштуу мектептерге жаңы окууну бүтүргөн кадрлар келди.

“Биз жер-жерлерге жаш кадрларды бөлүштүрдүк. Бишкек жана Ош шаарларында табигый-математикалык цикл боюнча адистердин кескин жетишсиздиги байкалууда. Бизге химия жана башка предметтер боюнча мугалимдердин жетишсиздиги тууралуу арыз-даттануулар түшүүдө. Бул маселени биз алмаштыруу жол менен чечип жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий