• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бишкектин Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан GALAXY кафесинен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм жана бир суу ташуучу унаа, штаб, ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан тышкары, ИИМден 5 экипаж, РЭТтен 1 бригада жана тез жардам кызматы тартылды.

"Тилсиз жоо саат 11:47де чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий