• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өрттүн кесепетинен кароолчу жумуш учурунда каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 16-октябрда шаардын батыш бөлүгүндөгү коммерциялык объектинин имараты күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин районундагы Интергельпо көчөсүндө “АБК-Берекет” ЖАКнын имаратынын 5-кабатында кароолчунун эс алуу бөлмөсүнүн ичинде 4 чарчы метр кийим-кече, үстөл, килем, жыгач терезе күйүп кеткен. Өрт болгон жерде 1963-жылы туулган К.Р.Т. аттуу жаран түтүнгө ууланып каза болгон. Куткаруучулар кырсык болгон жерге билдирүү түшкөндөн 10 мүнөттөн кийин барышкан. Өрт 16:47де жок кылынган. Өрттүн келип чыгуу себеби электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий