• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен кайгуул кызматынын унаасы оодаралып кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Бишкекте дем алышта жол кырсыгынын кесепетинен кайгуул кызматынын унаасы оодаралып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык Hyundai унаасынын айдоочусу жол эрежесин сактабагандыктан келип чыккан. Аталган унаанын айдоочусу 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде чукул бурулуш жасап, жолго чыга калган. Натыйжада кайгуул унаасы кагылышуудан качууга үлгүрбөй, оодаралып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматы кырсык болгон учурдун видеосун жарыялады, анда Hyundai унаасынын айдоочусу өз тилкесинде келе жаткан кайгуул унаасын өткөрбөй, Мавлянов көчөсүнө бурулуп кетүүгө аракет кылгандыгы көрүнөт.

Пикир

Оставить комментарий