• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Айыл чарбасын каржылоо - 11". Товар өндүрүүчүлөргө 3,26 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоору боюнча 3 млрд 266,6 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 3,3 млрд сомду түзөт.

"2023-жылдын 14-сентябрына карата долбоордун алкагында республиканын 7 274 айылдык товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 266,6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий