• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын ММА боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Нидерландга учуп кетти

Спорт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын ММА (GAMMA) боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Нидерландга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын ММА федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 23-27-мартта өтүп, Кыргызстандан 15 спортчу катышат. Алардын арасында Кыргызстанда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери бар.

Кыргызстандын курамасына Махабат Орозбекова, Арген Маратбек уулу, Муртазали Магомедов, Жакып Туганбаев, Шергазы Сакыев, Чагатай Туратбеков, Акбар Бактыбек уулу, Адис Таалайбек уулу, Ильер Бахтиер уулу, Эсентур Касиев, Дастан Сулайманов, Бегайым Акбалаева, Айназик Рустамбек кызы, Александр Кононенко жана Айбеков Айтегин кирет.

Ал эми машыктыруучулар Эрали Аскарбек уулу менен Абасбек Доромбаев.

Пикир

Оставить комментарий