• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарындагы дүкөндөрдө кумшекер 70 сомдон сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы дүкөндөрдө кумшекер 70 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, арзандатылган баадагы кумшекер шаардын борбордук базарынын аймагында жайгашкан Нарынбек, Чаргын, Баэл жана Береке азык-түлүк дүкөндөрүндө сатылууда.

Белгилей кетсек, шаардык мэрия мамлекеттик резервден алынып келген кумшекерди соода дүкөндөрүндө сатууну уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий