• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын соода үйлөрү дүйнөнүн төрт өлкөсүндө ачылды

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын соода үйлөрү дүйнөнүн төрт өлкөсүндө ачылды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, экспортту өнүктүрүү үчүн Сеул, Эль-Кувейт, Новосибирск жана Токио шаарларында Кыргызстандын төрт соода үйү ачылган.

"Ошондой эле Сауд Аравия, Өзбекстан, Азербайжанда жана Россиянын башка шаарларында Кыргызстандын соода үйлөрүн ачуу маселеси каралып жатат", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий