• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мобилизациялык резервдин жыйыны жүрүүдө - Башкы штаб

Коом 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 12-октябрынан баштап КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 36806 жана 20636 аскер бѳлүктөрүнүн окуу базасында мобилизациялык резервдин жыйыны жүрүүдө. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки 350дөн ашык жаран чакырылып, алар бир ай бою аскер ишине үйрѳнүшүүдө. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилет. Жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

Жыйын өлкөдөгү эпидемиологиялык коркунучтарды эске алуу менен окутуулар санитардык-карантиндик талаптарга ылайык медицина кызматкерлеринин кароосунда өтүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болгондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укуктары бар.

Пикир

Оставить комментарий