• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мерсин шаарында иш сапар менен болду

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. 28-февраль күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Мерсин шаарына иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында, элчи Мерсин провинциясынын губернатору Али Су жана Мерсин шаарынын мэри Вахап Сечер менен жолугушкан.

Жолугушууда Өмүралиев Кыргызстан менен Мерсин провинциясынын ортосунда соода жүгүртүү 8 млн доллардан аша турганын айтып, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстандын шаарлары менен Мерсин шаарынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу зарыл экендигин белгилеген.

Мерсин Өнөр-жай жана соода палатасынын президенти Айхан Кызылтан, Соода биржасынын президенти Абдуллах Өздемир жана аталган мекемелердин ишкерлери менен болгон жолугушууда Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берген. Аны менен бирге Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору тааныштырылып, Кыргызстан тууралуу видео тасма көрсөтүлгөн. Өмүралиев ишкерлерге Кыргызстанда жаңы өнөр-жай аймагын ачууну сунуштап, Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүндө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле Кыргызстандын элчиси алардын кызыккан суроолоруна жооп берген. Жолугушууда насыя берүү жана бааны белгилөө маселелери, ошондой эле Кыргызстандын Талас облусунан Түркия жана башка өлкөлөргө төө буурчакты импорттоо маселеси талкууланган.

Министрликтен белгилешкендей, Мерсин шаарында жашаган КР жарандары менен жолугушуу өткөрүү үчүн шаар мэриясы Конгресс жана көргөзмөлөр сарайында конференц-залын берген. Элчиликтин өтүнүчү менен жолугушууга Мерсин провинциясынын Миграция башкармалыгынын адиси М. Мурат катышкан.

"Жолугушууда элчи жарандарды коргоо боюнча КРнын өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, Мерсин шаарында болгон жолугушуулар тууралуу маалымат берген. Ошондой эле Түркиядагы КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланган жана Кыргызстандын жарандарынын мыйзамга ылайык Түркияда туруу, жумушка уруксат алуу шарттары, жарандык жана башка маселелер боюнча суроолорго жооп берилген", - деп билдиришти министрликтен.

Иш сапардын алкагында Кубанычбек Өмүралиев Мерсин университетинин ректору А. Чамсары жана аталган университетте окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда Кыргызстандык студенттердин окуу менен жашоо шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык маселеси талкууланган.

Маалымат катары: Мерсин шаары – Мерсин провинциясынын административдик борбору. Аймак Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында Жер-Ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан жана калкынын саны 1 млн 840 миң адамды түзөт.

Мерсин Түркиянын ири порт шаарларынын бири. Текстиль, химиялык, кайра иштетүү жана айнек чыгаруу өнөр-жайлары өнүккөн. Мерсин Эркин экономикалык аймагы Түркиянын ири аймактарынын бири болуп саналат. Анда 300дөн ашык компания иштейт.

Пикир

Оставить комментарий