• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Региондорду өнүктүрүүдө 70% иш жергиликтүү башкаруу органдарына туура келет

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Региондорду өнүктүрүү үчүн Кыргызстан комплекстүү кадамдарды жасашы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Толкунбек Абдыров билдирди.

Анын айтымында, алгач дүйнөлүк рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүн жогорулатуу зарыл.

“Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө көпчүлүк инвесторлор ошол көрсөткүчтөр аркылуу карашат. Мисалы, биздин коңшулар Казакстан жана Тажикстан бул багытта орчундуу иштерди жасашкан. Кыргызстан биринчи кезекте мүлктү коргоо жаатында көрсөткүчтөрүн оңдошу керек. Бул көрсөткүчтөр боюнча биз акыркы орундабыз. Интеллектуалдык жеке мүлктөр корголбогон”, - деп белгиледи ал.

Абдыров кошумчалагандай, региондорду өнүктүрүүдө дагы бир маанилүү нерсе жериндеги адистер боюнча маселе. Региондордун окуу жайларында мисалга, Нарында аймактарга керектүү болгон билимди беришпейт.

“Ал жакта негизинен педагогикага же экономикага окутушат. Ысык-Көл облусунда туризм өнүккөн, бирок ал жакта негизинен мугалимдерди же экономисттерди чыгарышат. Бизде инженердик база жетишсиз”, - деп кошумчалады ал.

Толонбек Абдыров билдиргендей, алар региондорду өнүктүрүү сунуштарын кластерлерге бөлүп даярдашкан.

“Агрардык өлкө болгондугубуздан региондордо негизги басымды кайра иштетүүчү өнөр-жайына жасашыбыз керек. Мындан тышкары, технологиялар өнүгүп жатат. Демек аларды колдонуу зарыл”, - деп билдирди ал.

Экономика министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Гульмира Карымшакова өз кезегинде билдиргендей, изилдөөлөрдүн натыйжасында региондорду өнүктүрүү маселесинде 60-70% иштер жергиликтүү башкаруу органдарына туш келет. Аларда өз регионун өнүктүрүүгө бардык каражаттар бар.

“Иштин 20% маморгандарга калгандары жарандык сектор жана бизнеске туура келет”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий