• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 13-декабрь күнү Кыргызстандын түштүгүндө күчү дээрлик 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 10:39да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ачык-Суу айылынын түндүк-чыгышында 15 чакырым узакта, Кашка-Суу айылынын түштүгүндө 17 чакырым алыстыкта жана Ош шаарынын түштүк-батышында 120 чакырым узактыкта жайгашкан.

Жер тирирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 4-4,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма-2, Газ айылында дээрлик 4 балл, Кара-Кабак, Сары-Моголдо 3,5 балл, Кара-Шыбак, Кабык, Бор-Дебе, Талды-Сууда 3 балл, Шибээ, Кара-Киндикте 2,5 балл болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий