• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түштүк облустарында "Коопсуздук-2023" машыгуусу өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. 25-27-апрель аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууга даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Ага Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, КР президентинин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай, Кадамжай жана Базар-Коргон райондорунун администрациясынын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүктөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий