• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу көргөзмө уюштурду

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. 30-август күнү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалы тууралуу көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөнүн катышуучуларына Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берилип, өлкөнүн экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат камтылган баракчалар таратылды.

Анданы тышкары дипломатиялык корпустун айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алар менен туризм тармагында кызматташуу маселеси макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий