• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-10-февралында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Пикир

Оставить комментарий