• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министринин орун басары аймактардагы ишкерлер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков аймактардагы мамлекеттен пайызсыз насыя алган ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы ишкерлер менен жеринде жолугушуулар финансы министри Алмаз Бакетаевдин тапшырмасы менен "Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Татиков Кочкор районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бизнес объектилерин кыдырып чыкты. Ишкерлер пайызсыз насыя алуу боюнча тажрыйбалары тууралуу айтып, сатып алынган жабдууларды көрсөтүп, ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Долбоордун бенефициарлары белгилегендей, мамлекет тарабынан кайтарылуучу каржылык жардам алардын бизнесин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, кирешесин натыйжалуу башкарууга жардам берди.

Долбоордун бенефициарлары менен жолугушуулардын максаты - КР Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге каржылык жардам көрсөтүүнүн натыйжаларына баа берүү, аны максаттуу пайдалануу жана пикир алуу.

Министрдин орун басары чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо долбоору бизнес чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталганын баса белгиледи.

Сентябрь айына карата долбоордун алкагында 7599 ишкер жана ишкана 4,76 млрд сомдон ашык сумма каржыланган. Белгилей кетсек, региондор боюнча акчалай жардам алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (1465 ишкер) жана жалпы алуучулардын жарымынан көбүн ишкер аялдар жана ишканаларды башкаруучу аялдар (4670) түзөт.

Долбоор Кыргызстандын бардык аймагында иштейт жана 2027-жылдын ортосуна чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий