• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-августунан 8-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий