• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде студенттер менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде элчи Талантбек Кушчубеков жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдөн келип Венгриядагы университеттерде билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, башкы катчы Раев ТҮРКСОЙ Түрк маданияты эл аралык уюмунун түрк элдеринин орток маданиятын илгерилетүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу билдирип, түрк маданиятын, искусствосун жана адабиятын мындан ары жайылтууга багытталган долбоорлор жана иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

"Түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоонун жана дүйнө жүзү боюнча жайылтуу маанилүү", - деди ал.

Элчи Кушчубеков ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чараларга Кыргызстандын маданият жана искусство ишмерлеринин, ошондой эле интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусун жогору баалап, Кыргызстан уюмдун долбоорлоруна ар дайым колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер элчиге жана башкы катчыга аларды кызыктырган суроолорду беришип, Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдөн келген студенттердин Венгрияда болушу жана жашоосу, Венгриянын университеттеринде билим алуу формасы жана башка көптөгөн темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий