• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курамасы Азия биринчилигинде коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курамасы Азия биринчилигинин Борбордук аймактагы командалар арасында үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш Бангладеш өлкөсүнүн Дакка шаарында өтүүдө.

Тайпалык оюндардын жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар коло медаль үчүн ойноо укугуна ээ болушту. Улуттук курамга Бангладештин командасы туш болду.

Машыктыруучу Абдухамид Айсаходжиев баштаган волейболчу кыздар каршылаштарын 3:0 эсебинде артта калтырды.

Белгилей кетсек, мелдештин финалдык оюнуна Мальдив менен Непалдын курамалары чыкты.

Пикир

Оставить комментарий