• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын ЖОЖдору Пуатье университети менен кызматташтыкты бекемдөөдө

Билим 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары (ЖОЖ) Пуатье университети менен кызматташтыкты бекемдөөдө, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлиги.

Маалыматта айтылгандай, 14-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов Пуатье университетинин өкүлдөрү менен КУУнун кызматкерлеринин тобунун 20-24-февралда Францияга болгон сапарынын жыйынтыгын талкуулады.

Пуатье университетинин делегациясынын жетекчиси, лингвистика жана филология факультетинин профессору, Борбордук Азия жана Италиянын университеттери менен алмашууга жооптуу Личия Бажини келерки окуу жылында 4 студент Францияга окууга барарын жана француз тилин үйрөнүү боюнча магистрдик программанын долбоору тууралуу айтып берди.

КУУнун өкүлдөрү ювеналдык юстицияны кызматташтык чөйрөсүнө киргизүүнү сунушташты.

17-апрелде Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожабеков Пуатье университетинин делегациясы менен илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын, алмашуу программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкуулады.

Ошондой эле тараптар “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында кызматташуу жөнүндө келишим түзүштү. Келишимге ылайык, ОшМУнун студенттери Пуатье университетинде семестр ичинде окуй алышат, ал эми окутуучулар эл аралык семинарларга катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий