• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Кыргыз-Түрк лицейлери окуучуларды сынак менен кабыл алат. Шарттары

Билим 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи жана Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи сынак аркылуу 50дөн окуучу кабыл алат.

Кыргызстанда 1992-жылы Түркиянын Улуттук билим берүү министрлиги менен Кыргызстандын билим берүү министрлигинин ортосунда кол коюлган биргелешкен протокол менен негизделген Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар кесиптик лицейи жана Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи жыл сайын сынак менен 50 окуучу кабыл алып келет.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу орто мектептердин 8-классын аяктаган окуучулардын арасында өтө турган сынак 6-7-8-класстарда окутулган сабактардын негизинде жүргүзүлөт.

Экзаменге суроо китепчелери эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде даярдалат. Эки лицейде тең билим берүү акысыз. Ошондой эле окуучулар бекер тамак-аш берилет жана окуу китептери менен камсыздалат.

Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинде жатакана мүмкүнчүлүгү

Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар кесиптик лицейинде Бишкекте жашай турган жери жок окуучулар үчүн 96 орундуу жатакана бар. Мындан сырткары окуучуларга акысыз тамак берилет. Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар кесиптик лицейинде эки бөлүм бар: Маалыматтык технологиялар жана Кийим-кече өндүрүш технологиялары. Билим берүүнүн мөөнөтү даярдоо классы менен кошо 4 жыл. Даярдоо классында кыргыз, түрк, орус жана англис тилдери окутулат.

Бүтүрүүчүлөр үчүн Түркияда стипендия менен билим алуу мүмкүнчүлүгү

Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи менен Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин аттестаты жана Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин диплому берилет. Бүтүрүүчүлөр Түркиядагы университеттерде "Түркия стипендиясы" программасы аркылуу же өз каражаттары менен билим ала алышат.

Сынактардын даталары жана өтө турчу жерлери

Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи жана Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин сынактарына катышууну каалаган окуучулар үчүн кабыл алуу башталды.

Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар кесиптик лицейине сынак тапшыруу үчүн арыздарды кабыл алуу 1-мартта башталды жана 26-майга чейин уланат. Сынак 2024-жылдын 1-июнунда өткөрүлөт.

Кыргыз-түрк Анадолу лицейине сынак тапшыруу үчүн арыздарды кабыл алуу 11-мартта башталды жана 20-майга чейин уланат. Сынак 2024-жылдын 26-майында өткөрүлөт.

Толук маалыматты төмөнкү даректерден, шилтемелерден алса болот:

  • Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи:
  • Веб сайты: https://ktakml.meb.k12.tr/
  • Instagram: /kirgizturkanadolukiz
  • Арыздарды жөнөтүү үчүн электрондук дарек: https://sinav.ktakml.com/
  • Дареги: Москва көчөсү 171. Байланыш телефону: 0 312 31 86 63
  • Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи:
  • Веб сайты: www.ktal.meb.k12.tr
  • Instagram: rktal_1992
  • Байланыш: ktalbishkek@gmail.com / 0312 49 10 93

Пикир

Оставить комментарий