• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөдө окууну каалагандарга билим жармаңкеси уюштурулат

Билим 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Бишкекте "WOE EXPO 2020" аталышындагы билим жармаңкеси өтө турганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жармаңке 20-февралда саат 13:30дан 19:00гө чейин Бишкектеги Sheraton мейманканасында өтөт.

"Иш-чарага Улуу Британия, АКШ, Канада, Швейцария, Голландия, Италия, Малайзия, Россия, Япония, Венгрия, Испания, Германия, Түркия, Австралия болуп 40 чет өлкөлүк университеттин жана тил курсунун өкүлдөрү келет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Италияда магистратура жана бакалавр программасында окууну каалагандарга 22-февралда саат 14:00дө кошумча жармаңке өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий