• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алынып келген унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз алынып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 432 088 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий