• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинанын 20 миңден ашык дозасы келди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РКИ) борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX мекемеси тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң АКШ долларын түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаеванын айтымында, COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, 2024-жылы COVID-19га каршы эмдөө иштерин улантууда. "Өлкөдө COVID-19 кырдаалы туруктуу болгону менен, эмдөө бул оорунун татаалдашынан коргоо жана тобокелдикти олуттуу түрдө азайтат", - деди , ал.

"ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын өкмөтү вакциналардын кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантат", - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бругиоло.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен COVID-19га каршы эмдөө үчүн максаттуу топторду аныктоонун үстүндө иштеп жатат.

"Вакциналардын жаңы жеткирилишинин алкагында биз Кыргызстандын COVID-19га каршы коргонуусун күчөтүп жатабыз. Эмдөө калкты коргоп, коопсуз келечекке жол ачкан үмүт чырагыбыз бойдон калууда", - деди ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

Буга чейин ЮНИСЕФ улуттук вакцина кампасын -80°Сге чейин өтө төмөн температураны талап кылган Pfizer вакциналарын сактоодо колдоо көрсөтүү үчүн муздаткчтар менен камсыз кылган.

Бул Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан алдын ала квалификациядан өткөн. Ал 6 ай жана андан жогорку жаштагы бардык адамдар үчүн коопсуз жана натыйжалуу деп эсептелет.

Эмдөө ала турган мекемелердин даректерин www.privivka.kg жана www.med.kg сайттарынан тапса болот.

Пикир

Оставить комментарий