• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Казакстанда таанылат – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү Казакстандын аймагында таанылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан жана Казакстан 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналат. Ага ылайык, Конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.

Бирок, буга карабастан Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автомобиль инспекциясынын) кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда, алар ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат.

Өз кезегинде, ТИМ казак тарапка Казакстандын Ички иштер министрлигинин алыскы жайгашкан тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн аныктыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирген. Тийиштүү биргелешкен чара көрүү үчүн мындай ар бир окуя тууралуу маалымдоо тууралуу өтүнүчүн билдирген.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий