• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга КЭР парламенттик делегациясы келиши күтүлүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-15-ноябрь күндөрүндө Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясынын келиши мерчемделүүдө. Делегацияны Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын аталган комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао жетектеп келет. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Кытай парламентинин тармактык комитетинин делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Кытай парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Делегация курамында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйнынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин мүчөлөрү Го Цзюньбо жана Ли Дэнхай, аталган комитеттин Аппаратынын изилдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Цзя Цзин, аталган комитеттин Аппаратынын кызматкери Жэнь Цянь бар.

Пикир

Оставить комментарий