• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын соңунда келет – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын соңунда келет. Бул тууралуу Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн ачылыш аземинде саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну болору айтылууда. Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен сүйлөштүм, вакцинаны февралдын аягында аларыбыз күтүлүүдө", - дейт ал.

Анын айтымында, февралдын аягында "Ковакс" программасынын алкагында америкалык-индиялык вакцинанын 500 миң дозадан ашыгы өлкөгө келет.

"Бизге жакында вакцинанын 504 миң дозасы келип түшөт. Эмдөөдөн алгач мен, медиктер жана мугалимдер өтөт. Вакцина акысыз болот жана адамдын эркине коюлуп, мажбурлоо жолу менен жүргүзүлбөйт", - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Пикир

Оставить комментарий